Бишкекте ысык суу 9-майдан тартып бериле баштайт
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарында ысык суу 9-майдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тартып бере баштайт.
Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичирайондорго жана системанын башка бөлүктөрүнө акырындык менен берилет.
Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ысык суу өчүрүлгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




