Бишкек: Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш-чаралар  

  • 6 месяцев мурун

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында бир катар ири иш-чаралар өтөт.Бул тууралууБишкек мэриясы билдирди.

8-майда

2025-жылдын 8-май күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин Ала-Тоо аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскер парады өтөт. Парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Парад учурунда 120дан ашуун аскер жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу каражаттары жана авиация көрсөтүлөт. Техникалык бөлүктө заманбап аскердик техника сунушталат. Параддын аба бөлүгүнө Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын аскер авиациясы катышат.

Ошондой эле 8-май күнү саат 16:00дөн тартып шаардыктар Фрунзе -Шопоков көчөлөрүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин жайгашкан аянтта аскердик техниканын көргөзмөсүнө күбө боло алышат.

9-майда

2025-жылдын 9-май күнү саат 09:00дө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүүгө арналган «Өлбөс полк» аттуу аскер-патриоттук жүрүш Дайыр Асанов атындагы паркынан башталып, Жукеев-Пудовкин/Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» мемориалына чейин уланат. Бул учурда белгиленген көчөлөрдө убактылуу жол жабылат.

9-май күнү саат 10:00дө Жеңиш аянтында митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи, «аскер” боткосу тартууланып, саат 14:00гө чейин салтанаттуу концерт өткөрүлөт.

9-май күнү саат 17:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтында «Жеңиш ырлары» аттуу чоң концерт өтөт. Ага кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана Россиядан келген белгилүү артисттер катышат.

Концерт программасы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый хроникасы менен коштолуп, патриоттук рухтагы маданий көрсөтүүлөр сунушталат.

Бул чоң концерт Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен уюштурулуп, «Жеңиш 9/45» патриоттук кыймылы жана «Евразия» коомдук уюму менен бирге өткөрүлөт.

Түштөн баштап Ала-Тоо аянтында кыргыз жана орус элинин эрдик жолуна арналган интерактивдүү аянтчалар иштеп, курал-жарактар, аскердик кийимдер, жоокерлердин турмуш-тиричилик буюмдары көрсөтүлөт.

Кечинде концертти дрон-шоунун таң калаарлык көрүнүшү жыйынтыктап, миңдеген жарыктар менен асманды жаркыратат. Бул жаңы доордун – өткөн муундун эрдигине болгон таазимдин символу болот.

Өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу, Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмлдөө кызматынын  маалыматына ылайык, 8–9-май күндөрү төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:

• Ибраимов көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);

• Шопоков көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);

• Чүй проспектиси (Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин).

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты