Жеңишбек Эдигеевдин Женевада жазылган “Көк дептери” жарык көрдү

  • 2 года мурун

Айтылуу журналист, публицист, котормочу Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китеби жарык көрдү.

Бул тууралуу автор билдирди.

Маалыматка караганда, “Көк дептер” 700 беттик китеп болуп жарыкка чыкты.

Китеп Женева шаарынан жазылды. Китеп  эмне үчүн Женевадан жазылганы, ал жакка кантип барып калганы, андагы 13 жыл кантип өткөнү,  эски күндөлүктөгү эскерүүлөр кантип жаңы жашоо алганы… айтор кыска-нуска “Көп дептер” соңку окуя, соңку жашоо менен өткөн чакты байланыштырып, далай сырларды, окуяларды ачып берет.  

Журналист Жеңишбек Эдигеев окурман журтуна жакшы таанымал. Ал Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн күрөшкө чоң салым кошкондордун бири. Жубайы, айтылуу журналист Чолпон Орозобекова менен бирге “Де-факто” эркин гезитин негиздеген.

“Де-факто” жана анын негиздөөчүлөрүнө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин авторитардык режими маалында кысымдар күчөгөн.  2009-жылы Жеңишбек Эдигеев жубайы Чолпон Орозобекова жана балдары менен кошо чет өлкөгө чыгууга, Швейцарияда жашоого аргасыз болушкан.

“Де-фактого” чейин Жеңишбек Эдигеев айтылуу “Асаба” гезитинде иштеп келген.

2015-жылы Жеңишбек Эдигеевдин  “Сапарлаш” аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө китеби жарык көргөн.

2016-жылы анын “Кыргызча-французча тематикалык сөздүгү” басылып чыккан.

“ПолитКлиника” медиасындагы кесиптештери, мурдагы “Де-факточулар” Жеңишбек Эдигеевдин жаңы китебинин жарыкка чыгышы менен куттуктайт жана бул китеп ары мазмундуу, ары кызыктуу болоруна ишенет. Жеңишбек Эдигеевдин таланттуу калемгер катары бул китеби окурмандардын калың катмарынын жүрөгүнөн түнөк табат деп ишенебиз.  

Китепти 0778 885566, 0706 555494 номурлары менен байланышып алсаңыздар болот.

Жеңишбек Эдигеевдин Женевада жазылган “Көк дептери” жарык көрдү
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты