Күйүүчү майды маркировкалоо долбооруна Швейцариядан инвестиция тартуу талкууланды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов 25-октябрда андагы SICPA SA компаниясындагы жолугушууда күйүүчү майды маркировкалоо боюнча технологияларын Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тараптар компаниянын Кыргызстандагы күйүүчү майды маркировкалоо боюнча долбоорго 12 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция салуу боюнча пландарын да талкуулашты.

«SICPA SA» компаниясы 1927-жылы түптөлгөн. Анын баш-кеңсеси Швейцариянын Во кантонундагы Лозанна шаарына чукул жайгашкан. Компания дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да 130 миллиарддан ашуун банкнотторду коргоо менен алектенет. АКШнын 40 штаты менен байланышы бар. «SICPA SA» аткезчилик, товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана аларды жасалмалоо менен күрөшүү боюнча санариптик технологиялардын алдыңкы иштеп чыгаруучусу, жылына 80 миллиарддан ашуун товардык позицияларды жана 60 миллиард литрден ашуун күйүүчү майды маркировкалайт. Компаниянын 36 өлкөдө 3000 кызматкери жана иштеп чыккан технологияларына 5000ден ашуун патенти бар. 

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты