Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери жашайт
- 1 месяц мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, блокадачылар жана концлагерлердин туткундарын кошкондо 32 киши жашайт.
Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматы боюнча, Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу жана майыптары жашайт:
Жайыл районунда-3 ардагер, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунда 3төн, Аламүдүн, Ат-Башы районунда, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда 1ден ардагер жашайт.
Ошондой эле республикада концлагердин мурдагы жашы жетпеген 7 туткуну жашайт: 5 адам – Бишкек шаарында, Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында бирден.
Мындан тышкары, 11 Ленинград блокадачысы: борбордо 9 адам, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында бирден адам жашайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан