Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайтты

  • 1 год мурун

Кыргызстандын китеп чыгаруу жана таратуу ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Бондаренко узак оорудан кийин, мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Ал 62 жашта болчу.  

Бул тууралуу социалдык тармакта Бахтияр Койчуев билдирди.

Олег Бондаренко “Новая литература Кыргызстана”- “Кыргызстандын жаңы адабияты” санарип долбоорунун автору, башкы редактору жана координатору катары кыргыз адабиятын, жазуучулардын чыгармаларын таанытууга чоң эмгек жумшаган.

Ал — ондогон философиялык жана көркөм китептердин автору.    

Олег Бондаренко 1960-жылы Украинада (Черновцы) туулган. 1982-жылы Донецкидеги мамлекеттик университетти аяктаган. Москвада жашап туруп, 1992-жылдан бери Бишкекке көчүп келип, туруктуу жашаган. Радио жана гезиттерде журналист болуп иштеген. 2008-жылы “Новая литература Кыргызстана” атуу санарип долбоорду ачып, кыргыз жазуучуларынын чыгармалары менен окурмандарды тааныштырып келген.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты