Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эми Министрлер кабинетине караштуу болот

  • 2 недели мурун

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлөт.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров 4-февралда кол койгону тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.  

Жарлыкка ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталмакчы.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты