Жаратылыш ресурстары министрлигине 39 жаңы унаа жана атайын техника берилди
- 9 месяцев мурун
Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ынтымак Ордо» аянтчасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 39 даана автоунаа жана атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Анын айтымында, бул техника табиятты коргоо иштерин жакшыртуу максатында, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн түшкөн каражаттардын эсебинен сатып алынган. Ошондой эле, ал Президент Садыр Жапаров экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл бурарын баса белгилеген
Тапшырылган техника министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Анын курамында пикаптар, жеңил жүк ташуучу унаалар жана катерлер бар.
Муну бөлүшүү




