Жарандык секторго багытталган кибер кылмыштуулук менен күрөшүү борбору иштей баштады

  • 2 года мурун

Кийинки жылдары кибер кылмыштардын саны да өстү. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда орточо эсеп менен күн сайын 20га жакын кыргызстандык сайттар киберчабуулдарга кабылат.

Буга байланыштуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Кыргыз Интернет Коому» (Айсок) бирикмеси Nothing2Hide колдоосу менен санариптик коопсуздук маселелери боюнча активисттерди, журналисттерди жана жарандык секторду колдоо максатында «Tech4Society» долбоорун ишке ашырууда.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор алкагында кыргыз жана орус тилдеринде 24 саат бою иштеген техникалык жардам көрсөтүү боюнча call-борбору иштей баштады. Call-борбордо колдонуучулардын маалыматтар купуялыгы, компьютердик коопсуздук жана кибер кылмыштуулук маселелери боюнча жооп беришет.

«Күн сайын интернет тармактарында хакерлердин чабуулдары жөнүндө жана жеке маалыматтын сыртка чыгып кетүү боюнча мисалдар көбөйүп жатат. Жыл башында эле ондон ашык журналист жана активист аккаунттары бузулуп, хакердик чабуулга кабылганы боюнча айтып чыгышкан.

Мындан тышкары, 2019-жылдын аягында бажыдагы коррупциялык иликтөө жарыялангандан кийин массалык маалымат каражаттарынын веб-сайттары DDoS-чабуулдарына дуушар болуп, алардын веб-сайттары жеткиликтүү болбой калган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө кибер инциденттер менен алектенген эки гана мекеме бар жана алар мамлекеттик секторду гана камтыйт. Жарандык активисттер, журналисттер жана чакан ишканалар алсыз жана корголбогон бойдон калууда» дейт «Tech4Society» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев.

Call-борбору менен Signal колдонмосу аркылуу +996 501 551 029 же [email protected] электрондук почтасы аркылуу байланышса болот.

Долбоор тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://isoc.kg/en/projects/t4s/

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты