Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлөт  

  • 2 года мурун

 Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына кол койду.

Жарлыкка ылайык,  Министрлер кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ) түзүлөт.

Жарандык авиация тармагына «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту жарандык авиация тармагына өткөрүлүп берилет.  

Жарлыкта айтылгандай, жарандык авиация мамлекеттик агенттигине төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүп берилет:
– Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин сакталышын көз карандысыз сертификаттоо үчүн ведомстволук «Авиасервис» мамлекеттик ишканасын түзүү, жоюу, кайра түзүү;
– жогоруда аталган мамлекеттик ишкананын Уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп Настаев Александр Иванович дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты