Жапырт башаламандыкка үндөдү деп УКМК соцтармак колдонуучусун кармады

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жапырт башаламандыкка элди ундөдү деп интернет колдонуучуну кармады.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, жапырт баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунт колдонуучусу, 1983-жылы туулган Б.Д.М. аныкталып, кармалды.

Б.Д.М. купуя сыр колдонуп келгендиги, б.а. Facebook социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгондугу белгиленди.

Б.Д.М. жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынганын УКМК билдирди. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты