Жапонияга сапар. Садыр Жапаров JICAнын президенти Акихико Танака менен жолугушту

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Токио шаарында Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы достук мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң тенденцияны белгилеп, өлкөгө көрсөткөн көп жылдык колдоо үчүн JICAга ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз тарап менен JICA ортосундагы түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү улантууда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо маселелерин кароону, ошондой эле позитивдүү мультипликативдик эффект бере турган транспорт жана коммуникациялар тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну изилдөөсүн сунуштады.

JICA башчысы Япония Акихико Танака Эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурарын жана уюм Кыргызстандагы экономиканы жана айыл чарбаны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана туризмди, экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган долбоорлорго, ошондой эле Кыргызстандагы жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Акихико Танака артыкчылыктуу багыттарда кызматташууну улантууга жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады.

Токио шаарында Садыр Жапаров ошондой эле Metarise Japan компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.Metarise Japan Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат.

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий иш сапары менен жүрөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты