Жапонияда кезексиз парламенттик шайлоо өттү
- 1 год мурун
Жапонияда кечээ, 27-октябрда, кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Башкаруучу коалиция 2009-жылдан бери биринчи жолу көпчүлүк добушка ээ боло албай калды. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.
Азырынча шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарыла элек, ошентсе да NHK телеканалынын билдиргени боюнча, либерал-демократтар жана аларды коалициялык шериктештери, “Комэйто” партиясы көпчүлүк добуш алышы мүмкүн. Оппозициялык конституциялык-демократиялык партия да кыйла көп добушту алышы мүмкүн.
Либерал-демократтардын азыраак добуш алышы, Би-би-си белгилегендей, алар оппозицияга кетет дегенди билдирбейт, “Комэйтодон” тышкары алар коалицияга башка партияларды да кошуп алышы ыктымал.
Кезексиз парламенттик шайлоону либерал-демократтардын лидери Сигэру Исиба премьер-министр болгондон кийин демилгелеген.
Жапониянын либерал-демократтар партиясы, коалиция курамында 1955-жылдан бери бийликте болуп келе жатат. Ал эми либерал-демократтар “Комэйто” менен коалицияда 2009-жылдан бери болууда.
Сүрөт: Getty Images




