Жапония Орусияга карата санкцияларын кеңейтти

  • 1 год мурун

Жапония 3-февралдан тартып Орусияга вакцина, медициналык жабдуу жана робот экспорттоого тыюу салат.

Бул тууралуу Жапониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлиги билдирди.

3-февралдан кийин Жапония Орусияга атомдук объектилерди, мунай жана жаратылыш газын чалгындоо үчүн жабдууларды сатууну да токтотот. Мындан тышкары тыюу салынган тизмеге жардыргычтар, портативдик генераторлор жана лазердик ширетүүчү аппараттар киргизилди.

Экспорттук чектөө 49 орус уюмуна тиешелүү болот.

Жапония ошондой эле өзүнүн персоналдык санкциясынын тизмесин да кеңейтти. Токио Орусиянын 22 жаранынын жана 3 уюмунун активдерин тоңдурат. Санкцияга юстиция министри Константин Чуйченко, вице-премьер Андрей Белоусов, БШК башчысы Элла Памфилова, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова, философ жана саясат таануучу Александр Дугин киргизилди.

Токионун санкциясына орусиялык «Иркут», «Авангард» машина куруу заводу, «КАМАЗ» ачык акционердик коому илинди.

2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Жапония Орусия президенти Владимир Путинге, жогорку кызматтагы аткаминерлерге жана алардын туугандарына, банктарга жана ишканаларга санкция салган. Ошол эле маалда Жапония Орусияны соодада жагымдуу өлкө макамынан ажыратып, Украинага аскердик жана гуманитардык жардам көрсөтө турганын айткан.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты