Жапаров Жалал-Абадда “Асман-Резиденс-1” турак жай комплексиндеги ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырды  

Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абаддагы «Асман Резиденс-1» көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, көп кабаттуу турак жай комплекси мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан Жалал-Абад шаарында курулган.

Комплекс тогуз кабаттуу жети блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер алдында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар.

Коммуникациялар борборлоштурулган, жылуулук өзүнүн отканасынан берилет.

Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканы алуу процесси толугу менен санариптештирилип, ачык-айкын жана жеткиликтүү системага айланганын баса белгиледи:

«Турак-жайга кезекке туруу, документтерди тапшыруу жана кароодон өткөрүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Бул система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык элементтерди жоюуну максат кылат. Үй алууда мындай терс көрүнүштөр боюнча ичиңиздерде күдүк ой калбасын, баары акыйкат жана мыйзамдуу болот» деди.

Ал мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатканын кошумчалады. 

«Менин үйүм» программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 11 миңге жакын батир, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы, Таш-Көмүрдөгү жана Сузак районундагы объектилер курулууда. Жакынкы аралыкта 879 батирди кошкондо миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге ээ болушат, анын ичинде Сузак айылындагы 240 батирлүү «Асман резиденция-5» комплекси бар.

Мамлекет башчысы бардык объектилер заманбап инфраструктура –мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана спорт аянтчалары менен жабдыларын белгиледи.

Жапаров Жалал-Абадда “Асман-Резиденс-1” турак жай комплексиндеги ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырды  
default

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты