Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда, Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын  төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат.

Ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

КЭР төрагасы  Кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

ошондой эле “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу продукцияларды жана унааларды өткөрүү маселелерине токтолду. Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарлардын импортун жана экспортун тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн “жашыл коридордун” эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров энергетика тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү колдоду.

Мындан тышкары, экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында ал жалпы капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.

Президент Жапаров Кыргызстанда Кытай грантынын негизинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жазда тиешелүү иштерди баштоо пландалып жатканын белгиледи. Бул Борбор Азияда суунун азаюу мезгилинде  өзгөчө актуалдуу экенин кошумчалады.

Андан соң, Президент Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгү тууралуу айтты.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды
Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты