Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жакында куруларына ишенем

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакын арада башталарына ишене турганын айтты. Бул тууралуу ал Кытайдын CGTN медиакорпорациясына берген интервьюсунда билдирди.

Ал долбоор азыр макулдашуу баскычында экенин белгиледи.

«Бул жол Кыргызстан менен Өзбекстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын транспорттук-транзиттик потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт. Бул долбоор дайыма эки тараптуу мамилелердин күн тартибинде, анын маңызы жана максатка ылайыктуулугу боюнча кандайдыр бир саясий келишпестиктер жок, техникалык аспекттер жана каржы маселеси боюнча гана суроолор бар. Алардын үстүнөн үч өлкөнүн адистери иштеп жатат» деди Жапаров.

Буга чейин Садыр Жапаровдун Бээжинге сапарында талкуулана турган башкы маселелердин бири – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын курулушунун келечеги болору айтылган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстандын эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Темир жолдун энине келе турган болсок, Кытай 1435 миллиметрлик эл аралык стандартты колдонот. Ал эми Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн темир жолу 1520 миллиметрлик советтик стандартта.

Темир жолдун эни эки башка болгондуктан кыргыз-кытай же кыргыз-өзбек чек арасына вагондорду которчу станция курулушу шарт. Кыргызстандын баштапкы позициясы мындай станцияны Арпа өрөөнүнө куруу болчу, ал эми Кытай жүгүн түз Өзбекстанга жеткирүүнү көздөйт.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты