Жапаров: Кыргызстан Орусия менен дагы 300 жыл чогуу болууга даяр

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Анда тараптар алака-катышты ар тараптан өнүктүрүү, кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров өз кезегинде Нур-Султан шаарына сапарынын алдында Президент Садыр Жапаров менен жолукканын, анда Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгонун, дагы 300 жыл да чогуу болууга даяр деп айткандарын билдирди.

Ошондой эле Москвага былтыр жыл аягында Кыргызстандын бюджетти колдоого 10 миллион доллар жардам көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди.

24-февралда Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Нур-Султанда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Анда кыргыз өкмөт башчысы президент Садыр Жапаровдун багыттары жана демилгелери жөнүндө айтып берди.

“2025-жылга чейин Экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетишүү, тоскоолдуктарды тез арада четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу керек” деген анда Президент Жапаров.

25-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда өтөт. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты