Жапаров Гутерриш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы согуш тууралуу билдирүү жасады
- 3 месяца мурун
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» жеринде жүргөн кабарчысы маалымдады.
Мамлекет башчы сектордогу кырдаал жөнүндө айтып жатып, «Газада он миңдеген балдардын жана аялдардын каза болушу жана ал жердеги абал адамдык жана гуманитардык укуктун бузулушу» деди. Ал ошондой эле расмий Бишкек Украинадагы согуштун тезирээк бүтүшүн жактай турганын белгиледи.
Садыр Жапаров мындан сырткары Ооганстандагы абалга да токтолуп, ал жактагы кырдаал Кыргызстан үчүн маанилүү экенин билдирди.
«Ооганстан кайрадан терроризмдин жана баңгизаттын аймагына айланып кетпеши үчүн бул өлкө дүйнөлүк изоляцияда, эл аралык жардамдан четте калбашы керек»деди Жапаров.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Гуттериш Борбор Азия сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштаган. Ал 3-июлда Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барат.
Сүрөт: president.kg