Жапаров: Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, басма сөз жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроо боюнча өз позициясын билдирди.    

-Кыргыз-тажик чек арасы боюнча үч маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бир маселе Мадумаров кол койгон протоколу,  бул боюнча  биз макул эмеспиз,  анткени ал мыйзамсыз, ага эч ким укук берген эмес.

Лейлек менен Баткендеги талаш жер боюнча  биз 1991-жылдагы карта, 1991-жылы жана 1994-жылдагы кабыл алынган декларациялар менен чечебиз деген позицияда турабыз.  Акыркы мыйзамдуу документ ошол. Алардын 1924-жылдагы карта менен чечебиз деген сунушуна биз макул болбой келебиз,-деди Садыр Жапаров.   

Басма сөз жыйынында Президент өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу айтты, 56 редакциянын журналисттеринин суроосуна жооп берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты