Мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин айлыгы 100% көтөрүлөт  

  • 6 месяцев мурун

2026-жылдын 1-апрелинен тартып педагогикалык жана медициналык кызматкерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV курултайдагы баяндамасында билдирди.   

Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом болсо, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомго чамалайт. Шаар жергесинде жаңы келген мугалимдин маянасы 36 миң сомду түзүп, колуна 31 миң сом тиет. Дарыгерлердин азыркы орточо айлыгы 31 миң сом, жогорулагандан кийин айлыгы 62,5 миң сом болуп, колуна 50 миңден ашык акча тиет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы мугалимдердин айлыгы 50%га көтөрүлөрүн билдирген. Эми Жапаровдун айтымында, кеңешкенден кийин 100 % көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында элдик IV курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жер-жерлеринен шайланып келген делегаттар катышууда. Садыр Жапаров өлкөдөгү бардык тармактардагы жыйынтыктар, жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири баяндама жасады.

Курултай 25 жана 26-декабрда өтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты