Экономика министрлиги “Риха” компаниясынын лицензиясын алып койгону айтылды
- 3 недели мурун
Экономика министрлиги “Риха” компаниясынын лицензиясын алып койду. Бул туаралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахметов бүгүн, 19-январда, Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Улан Примов халал-продукция кантип аныкталып, текшерилери тууралуу сурады.
-Адал продукция боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Ошол мыйзам боюнча бүт эрежелер жазылган. Биз мыйзамга айып пул боюнча өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ошол мыйзамда бүт жазылган, кандай өтүш керек, эмнеге өтүш керек. Өзүңөр билгендей, бир-эки учур болгон, адал деп, ал жерде чочконун эти кошулган,-деди министрдин орун басары Султан Ахметов.
Депутат Примов ал кайсы компания деп сураганда, министрдин орун басары мындайча жооп берди:
-Сиздер билесиздер, “Риха” компаниясы, бирок компания аккредитацияны туура эмес өткөн. Бүгүнкү күндө алардын лицензиясы алынып салынды,- деди.
Сунушталган мыйзам боюнча мыйзам бузган жеке тараптарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 23 миң сом айып пул салуу сунушталууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан




