Жапаров АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды. Сүйлөшүүгө катышкандар аталган багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыктарын баса белгилешти.

Соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстан АКШнын Президенти Дональд Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.

Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууну макулдашты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты