Жанар Акаев Ош шаарынын мэри катары ишке киришти

  • 2 месяца мурун

Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.  

Министрлер кабинетинин башчысы мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мэриянын натыйжалуу иштешин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу иште ийгилик каалады.

Жанарбек Акаев журналисттерге берген маегинде өлкө жетекчилиги сунуш бергенден кийин дароо макул болгонун билдирди. «Бул чоң жоопкерчилик» деди. Мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев күнү-түнү жакшы иштегенин, ири долбоорлорну колдон келишинче улантаарын билдирди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өзүнүн арызынын негизинде кызматынан 18-февралда бошотулду. Анын ордуна Жанарбек Акаев дайындалды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты