“Жанар Акаев: “Мындай реформа болбойт!” деди. МинКаб соңку жагдайлар боюнча парламентте келерки жумада маалымат берет
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу кийинки жуманын бейшемби күнү Министрлер кабинетин парламентке келип, соңку учурлардагы өлкөдөгү жагдайлар боюнча маалымат берүүгө чакырды.
Төрага коомчулукта, айрыкча эки күндөн бери парламентте Министрлер кабинетинин жасап жаткан иштерине карата нааразычылыктар көп айтылып жатканын белгиледи:
“Өлкөдөгү социалдык жана башка багыттагы олуттуу маселелер боюнча Министрлер кабинетинин толук курамы келип депутаттардын суроолоруна жооп беришсин” деди.
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев буларды билдирди:
-Күн тартибинде кечээ айдоочулук күбөлүк боюнча коомдогу нааразылыкты бир топ кесиптештерим айтты эле, бирок киргизиле элек экен. Министрлер кабинетин качан чакырабыз, февраль айында чакырабызбы же марттабы?Тезирээк чакырып укпасак, коомдогу айдоочулук күбөлүк, кымбатчылык ж.б. боюнча КабМинге, аткаруу бийлигине суроолор өтө көбөйүп кетти, нааразылык күчөп жатат. Реформа деген мындай болбойт, кыргызча “эптемей” реформа жасап жатышат. Реформа кандай болуш керек экенин, кайсы өлкөлөрдө кандай жүргөнүн КабМиндин төрагасын баш кылып туруп, айтып береличи. Анча-мынча китептер бар, аны берели, өнүккөн өлкөлөрдө кантип реформа жасашкан. Мындай реформа болбойт,-деди депутат Жанар Акаев.
Кечээ, 28-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында да айдоочулук күбөлүк, жеке айдоочулук мектептер, кымбатчылык боюнча маселе көтөрүлгөн.
Сүрөттө: Жанар Акаев. kenesh.kg




