ЖАМК кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты болуп өттү
- 3 года мурун
Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңеши тарабынан кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин балдары үчүн жаны жылдык балаты майрамы уюштурулду.
Концерттик программадан сон балдарга белектер тапшырылды.
Иш-чараны уюштуруучулардын бири ЖАМК Ардагерлер кеңешинин төрагасы Алибай Нишанбаев: “Жылдагыдан айырмаланып быйыл биз соттолгон жарандардын жашы жете элек балдарына да белек бердик. Биз муну менен балдары аркылуу соттолгон жарандарга тарбиялык таасир тийгизүүнү көздөп жатабыз”, — деди.
Белгилей кетсек, мындай иш чараны Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ардагерлер кеңеши кызматкерлеринин балдарынын маанайын көтөрүү максатында жыл сайын уюштуруп келет. Жаңы жылдык кече балдардын ата-энелеринин да жактыруусуна ээ болду.