Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим бар жүк кармалды
- 6 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлганын маалымдады.
15-октябрда берилген маалыматта айтылгандай, 11-октябрда Баткен-Ош унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусия жараны Б.С.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат — жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим табылып алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканы кабарланды.