Жалпы билим берүү жайларында окуучулар жана мугалимдер үчүн телефон колдонуу эрежеси иштелип чыкты
- 2 недели мурун
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү жайларында мобилдик түзүлүштөрдү колдонуу эрежелерин иштеп чыкты. Токтом долбоору 29-ноябрда коомдук талкууга коюлду.
Токтом долбооруна ылайык, мектепке же кесиптик билим берүү жайына кирип бара жатканда окуучулар, ал жакта иштеген кызамткерлер жана тыштан келген жарандар мобилдик түзүлүштөрдү, тактап айтканда телефонду, смартфонду, планшетти жана ноутбукту үнсүз режимге коюшу керек. Ал эми окуучу класска, кабинетке же аудиторияга киргенде өзүнүн мобилдик түзүлүшүн толук өчүрүп, атайын орнотулган кутучага салууга милдеттүү.
Бул долбоорго ылайык, төмөнкү учурларда окуучуларга телефон же планшет колдонууга уруксат берилет:
1) Өзгөчө кырдаалдар учурунда (табият кырсыктарында, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна жаралган коркунучтарда, бир туугандарынын ден соолугу менен байланышкан кабар келгенде);
2) Тыныгуу убактысында;
3) Тиешелүү буйрук менен бекилген иш планында өтүлүүчү сабактарда мобилдик түзүлүштөрдү пайдалануу зарылчылыгы көрсөтүлгөн учурда ж.б.
Мектепте окуучуга мобилдик түзүлүштү колдонууда аларды мойнуна илип, төш чөнтөктөрүндө, шым, юбканын чөнтөктөрүндө сактоого; билим берүү уюмунда аларды электр тармагына кошуп, заряддоого тыюу салынат. Мобилдик түзүлүштөрдүн жардамы менен коомчулукка зомбулукту, ырайымсыздыкты жана порнографияны жайылткан видеолорду жана сүрөттөрдү көрсөтүүгө, зордук-зомбулук жана вандализм көрүнүштөрүн тартуу жана андан кийин башкаларга көрсөтүү аркылуу билим берүү уюмунун имиджине зыян келтирүүгө, ошондой эле сүрөткө жана видеого тартууга болбойт.
Документте билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге да мобилдик түзүлүштү колдонуу эрежеси каралган. Ага ылайык, мугалимдерге окуу процесси учурунда мобилдик түзүлүштөрдү зарыл болбогон учурда колдонууга тыюу салынат. Ошондой эле мугалимдер окуу процессинен тышкаркы убакта билим алуучулардын алдында мобилдик түзүлүш колдонууда өзүн максималдуу чектөөгө милдеттүү.
Документте бул тартипти бузгандарга оозеки эскертүү берилери жана күндөлүккө эскертүү белгисин коюу, окуучунун ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жазалары каралары жазылган.
«Билим берүү уюмдарында мобилдик түзүлүштөрдү колдонуу тартибин бекитүү жөнүндөгү» токтом долбоору окуучулардын билимин жана ден соолугун, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, мобилдүү түзүлүштɵр менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдүн алдын алуу, академиялык чɵйрɵнү колдоо, буллингдин бардык түрлөрүнө жана кибербуллингге, жол берилгис контентке каршы күрɵшүү, бейпил жана коопсуз билим берүү процессин камсыз кылуу максатында иштелип чыккандыгы айтылды.
Сүрөт: интернет булактары