Жалган маалыматка каршы жети редакция бирикти

  • 1 год мурун

Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түздү. Бул Интерньюстун “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашты.  

Эске салсак, 2020-жылдан тартып 4 редакция: Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg жана  “Апрель ТВ” “Медиа-БлокПост” аттуу улуттук платформага биригип, пандемия убагында дезинформация менен активдүү күрөшүп келген.

Медиалардын бирдиктүү иш алып барышы COVID-19 пандемиясынын учурунда калк арасында чуу жараткан фейк жаңылыктардын агымы менен күрөшүүгө мүмкүндүк берди. 

Дезинформацияга каршы күрөш андан ары уланып, 2020-жылдагы шайлоо учурунда күч алган манипуляция, саясий кризис жана кара PRга каршы жүргөн. 

Мындан тышкары, фактчекерлер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 2021-жана 2022-жылдардагы чек ара жаңжалдарындагы фейктерге каршы ыкчам күрөшкөн. 

Мурда “Медиа-БлокПост”, азыр Checkit Media

Бүгүнкү күндө фейктерге каршы күрөшкөн массалык маалымат каражаттарынын саны көбөйүп, шериктештикке Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кошулду. Мындан ары 7 редакция биригип, Checkit Media брендинин аты менен иштейт. 

“Биз буга чейин материалдарды көбүнесе текст түрүндө жарыялап келгенбиз. Эми видеого көбүрөөк көңүл бурабыз” деп билдирди башкы редактор Асель Сооронбаева, “кыргыз тилине басым жасоону пландаштырып атабыз, себеби, дал ушул кыргыз тилдүү аудитория, тилекке каршы, жалган маалыматка көбүрөөк кабылганын тажрыйба көрсөттү”. 

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулованын айтымында, мындай демилге өлкөдөгү журналисттердин ынтымагын жана бирге натыйжалуу иш алып барарын айгинелейт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты