Медиа Полиси институту медиадагы жалаа үчүн жоопкерчилик демилгесине тынчсызданат

  • 3 недели мурун

“Медиа Полиси Институту” коомдук фондунун юристтери Министрлер кабинетин медиа айдыңындагы жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушун артка чакыртып алууга үндөштү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун апрелдин башында коомдук талкууга чыгарган. Документте Укук бузуулар кодексин маалымат каражаттарында жана интернетте жарандарга жалаа жаап, мазактоо үчүн жоопкерчилик караган беренелер менен толуктоо сунушталууда.

“Медиа Полиси Институту” мыйзам долбоору кабыл алынса, Маданият министрлиги эч кандай арыз жок эле маалымат каражаттарына айыппул сала башташы мүмкүн деп тынчсызданууда. Юристтердин байкашынча, сунушталган документте аталган министрлик жалаа же мазактоону кандай негизде аныктай турганы көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде акыркы убактарда маалымат каражаттарында жана интернет айдыңында жалган кабарлар тарап, кемсинтүү учурларынын көбөйүшү байкалып жатканы, бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдардын мамилесине коркунуч жаратары айтылган.

Кыргызстандагы журналисттер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер өлкөдө сөз эркиндигин чектөө күч алып жатканын айтып келет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты