Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп атоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




