Жалал-Абаддагы бир катар айылдарда сел жүрдү

  • 2 года мурун

Жалал-Абаддагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча кечээ, 9-августта саат 20:30–21:00 чамасында Өрүктү айыл өкмөтүндө кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, сел суулары 4 турак үйдүн мал сарайларына кирген, 1 турак үйдүн короосундагы бассейнге кум-шагыл жана жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жерине Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматы тартылып, тактоо иштери уланууда. Кырдаалга жараша бул күнү айыл аймак жана ЖТИ тарабынан техникалар тартылат.

Белгилей кетсек 9-август күнү жааган жаандын кесепетинен Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун бир катар айыл аймактарында сел жүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты