Жалал-Абадда жасалма документтерди даярдаган эл аралык каналга бөгөт коюлду

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда мамлекеттик маанидеги жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенген эл аралык мыйзамсыз каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Сузак районунун тургундары — «Б.У.Э.», «Г.И.А.» жана «Р.М.М.» аттуу жарандар кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, айдоочулук күбөлүктөрдү, орто жана жогорку билим тууралуу жасалма күбөлүктөрдү даярдап, акчага сатып келишкени аныкталды.

Тинтүү иштеринин натыйжасында коргоо белгилерин камтыган жасалма паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, ар кандай багыттагы башка күбөлүктөр, жасалмалоо белгилери бар документтер, нотариалдык ишеним каттардын бош нускалары, жарандардын туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөрү жана атайын техникалык жабдуулар табылган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты