Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн окуу-машыгуу борбору ачылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Мамлекет башчы быйылкы жылдын башында УКМКнын жетекчилигинин демилгеси менен атайын багыттагы кызматтын окуу-машыгуу борборунун курулуш иштери башталганын билдирди.

“Кызматтын өздүк курамын чыңдоо максатында заманбап техникалар, акыркы үлгүдөгү аппараттар алынып берилүүдө. Борбордун базасында Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрү менен жарандык коргонуу түзүмдөрү да өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча окуу-машыгууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты” деп белгиледи Садыр Жапаров.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы атайын багыттагы бөлүктүн согуштук даярдыгын жогорулатуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу-машыгуу борборунун имаратын көрүп чыкты.

Президент «Альфа» жоокерлеринин шарттуу террористтерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу көнүгүүлөрү боюнча тактикалык машыгууларын да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров бута атышуучу жерге барып, FPV-дрондор колдонулган практикалык сабактарга катышып, бөлүктүн жогорку даярдыгын жана заманбап техникалык жабдылышын белгилеп өттү.

Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн окуу-машыгуу борбору ачылды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты