Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-март саат 09:25де Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге ӨКМден эки бөлүмү тартылып, өрт саат 09:45те чектөөгө алынган, саат 10:57де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болду.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты