Жалал-Абадда сел каналдарын тазалоо иштери башталды

  • 3 месяца мурун

Жалал-Абадда сел каналдарын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Атайын алдын алуу жана кесепеттерин» жоюу иш мерчеминин негизинде Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Орто-Азия сел каналынын 520 метр аралыгын тазалоо, нугун кеңейтүү иши башталды.

Сел каналды тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 оор инженердик техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган.

Аталган сел канал тазаланса 70 турак жай, 25 гектар айдоо жери сел кооптуулугунан корголот.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 41 объектиде сел кырсыктарын алдын алуу жумуштары аткарылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты