Жалал-Абадда акча опузалоого шектүүлөр кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына “жылаңач сүрөттөрүңдү социалдык түйүндөргө чыгарам” деп коркутуп, жалпысынан 187 миң сом опузалап алып жана дагы опузалап жаткандардын үстүнөн арыз менен Сузак районунун 31 жаштагы тургуну кайрылган.

Ал 2022-жылдын декабрь айында шаарда такси айдап жүрүп, бир аял менен таанышкандыгын жана аны менен социалдык тармакта кат жазышып жүргөндүгүн билдирген. Аял “Жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп, аларды сактап алып, кийин “Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңү интернетке таратам” деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн.

Аял дагы бир шериги менен андан акча опузалоону токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 миң сом акчасын коркутуп алышкан.

Алар акча опузалоону дагы эле токтотпой жаткандыктан, жардам сурап милицияга кайрылган.   

10-февралда бул факты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарбынан кылмыштын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектелип Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган М.Н. жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган Р.М. кармалган. Алардан опузалап талап кылган 15 миң сом акча жана “WhatsApp” социалдык тармагында жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты