Жалал-Абадда 29 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда 29 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Жалал-абад облустук милициясына шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 8-январда жергиликтүү ооруканадан милиция бөлүмүнө Таш-Булак айылынын тургунунун жансыз денеси ооруканага келип түшкөнүн билдиришкен. Мындан улам соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүүдө каза болгон келиндин 33 жаштагы күйөөсү анын аялы экөөнүн ортосунда эч кандай жаңжал болбогонун жана ага жардам берүү үчүн аялын ооруканага алып баргандыгын айтып берген.

Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, каза болгон келиндин мойнунда муунтуп өлтүрүүнүн издери бар экендиги аныкталган.

6-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, маркумдун күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жубайлар 3 баланы тарбиялап жатышканы белгилүү болду.

Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты