Жалал-Абад жана Ош облустарында жасалма бренддик мотор майларын жасап саткан фирма ээлери кармалды
- 2 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Уюшкан топ тарабынан башка бирөөнүн товардык белгисин мыйзамсыз пайдалануу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагында ири автомайлоочу майлардын кампаларына тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
“Алсак, фирмалардын директорлору жана жөнөтүүчүлөрү Х.А.А., Х.Ш.Х., Х.Н.Б. жана М.Х.Б. мотор майларынын бренддик соода маркаларынын дилерлери болушуп, сапаты төмөн майларды КЭРден контрабандалык жол менен алып келишкендиги аныкталган. Мындан тышкары, табылган мотор майларынын бардык идиштеринде 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген акциздик маркалары жок болгон. Кармалган майларды экспертизалоо алардын сапатынын төмөндүгүн, атап айтканда, курамында “щелочтук элементтердин” жоктугун көрсөткөн. Мотор майларынын бул касиети кыймылдаткычтарды мөөнөтүнөн мурда эскирүүдөн коргоо үчүн жооптуу” деп айтылат маалыматта.
Алынган маалыматтарга караганда, алардын кызматын «тендерчилер» дегендер колдонуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тил табышып, жасалма майларды алып келишкен.
Ошондой эле Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы май алмаштыруучу айрым түйүндөрдө Россияда өндүрүлгөн арзан майларды, андан ары сатуу үчүн бренддик маркалардын идиштерине куюу фактылары аныкталгандыгы айтылат.
Аталган иш боюнча тергөө жүрүп жатат.