Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусун кыдырууда. Кембридж программасы боюнча окуткан мектепти көрүп чыкты

Жалал-Абад шаарындагы 670 окуучуга ылайыкталган заманбап эл аралык билим берүү борбору. Алар робототехника, илимий лабораториялар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы долбоорлор, карапа жасоо, аспаптык музыка, футбол, баскетбол жана социалдык долбоорлорду кошо алганда, ийримдердин жана секциялардын көп түрүнө катыша алышат.

Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы бокс академиясынын жаңы имараты менен таанышты.

Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет. Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.

Курулуш Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буюртмасы менен ишке ашырылды. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттен жүргүзүлдү, долбоордун жалпы наркы — 192 млн сом.

Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман Резиденс-2» турак жай комплексин ачты

Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Жалал-Абад шаарындагы «Мурас Юнайтед» футбол клубунун жаңы машыгуу комплексинин имараты менен таанышты

Жаңы спорттук комплекс спортчуларды даярдоо үчүн зарыл болгон заманбап спорттук жана окуу-тиричилик объектилерин бириктирип турат. Бул жерде машыгуу жана турак жай имараттары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн, машыгуу залы, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн трибуна жана гибриддик футбол аянты каралган.

Объект дээрлик 2 гектар аянтты ээлейт жана жарык берүү системасы менен жабдылган, бул кечкисин машыгууларды жана беттештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебин ачты

Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында башталган. Долбоор 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун курууну карайт. Үч кабаттуу имарат төрт блоктон турат.

Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Жалал-Абад облусунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин имаратын ачты

Жалал-Абад: Президент мектеп жана башка объекттердин ачылышына катышты

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты