Жалал-Абад облусунда жер титиреди

  • 3 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 21-октябрь күнү саат 13:26да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай, Жаңы-Айыл айылдарында 2,5 балл, Жылгын, Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Коргон, Авлетим, Мукур, Жерге-Тал, айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө крдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты