Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 2 месяца мурун
Сейсмология институту билдиргендей, кечээ, 24-ноябрда, саат 19:37де Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Такталы тоолорунда, Жетиген айылынын түштүгүнөн 5 чакырым, Чалдовар айылынын түштүк-батышынан 6 чакырым, Кызыл-Өзгөрүш айылынын түштүк-батышынан 10 чакырым алыста болгон.
Жер титирөөнүн күчү Токтогул районунун Жетиген, Чалдовар айылдарында 3 баллга жакын, Кызыл-Өзгөрүш айылыныда 2,3 баллга чейин сезилген.
Сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




