Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 12 месяцев мурун

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 25-июлда, саат 03:45те Жалал-Абад облусунда очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Баштапкы маалымат боюнча, Кара-Булак айылынын түштүк-батышынан 3 чакырым, Масы түндүк-батышынан 6 чакырым, Эски-Масы айылынын түндүк-батышынан 7, Алма айлынын түндүк-батышынан 9, Кочкор-Ата шаарынын түндүк-чыгышынан 11 чакырым, Гелеген айылынын түндүк-батышынан 11 чакырым, Майлуу-Суу шаарынын түштүк-чыгышынан 18, Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышынан 38 чакырым алыстыкта болгон.

Жер титирөөнүн күчү Масы, Кара-Булак айылында 4,5 баллга, Кочкор-Ата шаарында, Гелеген айылында 4 баллга, Майлуу-Суу шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Сүрөт: Сейсмология институту    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты