Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алып жана чогултууга шектелүүдө
- 10 месяцев мурун
Билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан айрым мектептердин директорлору тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу жана пара алуу фактылары аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Токтогул районунун №4 Бримкулов атындагы орто мектебинин директору Ш.Б.Ж., Сузак районунун № 2 Чыүгыз Айтматов атындагы орто мектебинин директору Ю.Г.Р. жана Сузак районундагы №65 Юнусов атындагы орто мектебинин директору А.Н.З. «мектептин муктаждыгы үчүн» деген шылтоо менен мугалимдерден мажбурлап акча талап кылуу менен алектенип, системалуу түрдө ишке орноштуруу үчүн пара алып, Россияда эмгек миграциясында жүргөн бүтүрүүчүлөргө мыйзамсыз аттестат берүүнү уюштурушкан.
Мындан тышкары, №94 орто мектебинин директору Н.Г.Р. жана Сузак районундагы №4 орто мектебинин директору Ш.Г.Т. мугалимдерден ушул сыяктуу мыйзамсыз опузалоолорду жана коррупциялык схемаларды уюштургандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында №2 мектептин директору Ю.Г.Р. кармалды. Ал мектептеги мыйзам бузууларды жашыруу үчүн атайын кызматтын кызматкерине 500 миң сом пара берүүгө аракет кылган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




