Жалал-Абад: Дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери уланууда

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылынын жашоочусу, 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да улантылууда.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

М.Ф. аттуу өспүрүм 31-марттан бери дайынсыз болуп жатат.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты