Жактоочу 21 жаштагы жигит каза тапкан жол кырсыгынын катышуучуларын жоопкерчиликке тартууну өтүнөт

  • 2 месяца мурун

Жактоочу Нурсултан Жаныбеков 21 жаштагы жигит каза тапкан жол кырсыгынын катышуучуларын жоопкерчиликке тартууну суранууда.

Жактоочу Жаныбековдун айтымында, 4-майда эки унаа Бишкек шаарынын Ибраимов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде коюшуп кеткен. Hyundai Elantra унаасын К. уулу А. башкарып келаткан. Экспертиза айдоочунун мас экенин көрсөткөн.

Ал эми BMW 525  унаасын 19 жашар Ж.И. С. аттуу улан айдап келе жаткан, 2024-жылдын январь айында ал мас абалында унаа айдагандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.  

“Каза болгон Элимжан Жапаров BMW унаасында болчу. Кырсык болгондон бери бир ай убакыт өттү, бирок айдоочу дагы эле камакка алынган жок. Анын күнөөсүнөн улам жаш жигит каза болуп калды. Айдоочу унааны айдабашы керек болчу” деди Жаныбеков.  

Hyundai Elantra унаасынын айдоочусу тергөө мезгилинде убактылуу камак жайына камалган.
Жактоочу белгилегендей, эки айдоочунун жакындарынын бири да кечирим сурап же акыркы сапарга узатуу зыйнатына келип же кызыгып койгон эмес.

Жактоочу президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы КамчыбекТашиевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, кылмыш ишин көзөмөлгө алууну өтүнөт.

Сүрөттө: Кырсык учуру. Kaktus.media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты