Жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 месяца мурун

Ноокат районунун Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал аймагындагы жайыт жер тилкесинин мыйзамсыз ээлеп алынган факт аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ж.Э. аттуу жаран мыйзамдарда каралган тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, жайыт жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алып, курулуш объектилерин тургузган жана жер кыртышын бузган.

Мыйзам бузуу фактыларын жоюу тууралуу берилген эскертүүлөргө карабастан, мыйзамсыз курулуш иштерин уланткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкесин бошотуу жана мыйзамсыз курулган объектилерди буздуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн. Кабыл алынган чаралардын мыйзамдуулугу прокуратура органдарынын көзөмөлүндө.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты