Жайыл райондук электр тармактар ишканасынын мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) коррупциялык схеманы уюштурууга шектүү катары кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Чүй облусунун Жайыл РЭТнын мурдагы жетекчиси Т.А.Б.ны жана башкы инженери Ж.М.Т.ны кармады.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТ жооптуу адамдары кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, жеке максаттарына пайдаланып, Жайыл РЭТнын негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталды.

Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 032 197 сом ири зыян келтирилип, алар тарабынан толук өндүрүлдү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка күнөөлүү адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жайыл райондук электр тармактар ишканасынын мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты