Жайыл, Араван, Баткен райондоруна акимдер дайындалды
- 2 месяца мурун
Имамназар Бурканов Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким, Данияр Эркимбаев Ош облусунун Араван районунун акими, Данир Иманалиев Баткен облусунун Баткен районунун акими болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемелерге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жайыл районуна аким болуп дайындалган Имамназар Бурканов Жогорку Кеңештин экс-депутаты, президенттин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун бир тууганы.
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бир нече райондорунун акимдерин кызматтан алды. Ошондой эле Каракол жана Талас шаарларынын мэрлерине сөгүш берди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү