Өлкө башчы жети райондун акимдерин кызматтан алып, эки мэрге сөгүш берди
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бир нече райондорунун акимдерин кызматтан алды. Ошондой эле Каракол жана Талас шаарларынын мэрлерине сөгүш берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы 21-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, президент төмөнкү акимдерди кызматтан алды:
Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Субагожоев Жакыпбек;
Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жоробаев Учкунбек;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Карагулов Мирлан;
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Насиров Мунарбек;
Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кулубаев Сейтек;
Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жээнбеков Досмамбет;
Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Нармырзаев Нургазы.
Ошондой эле өлкө башчы Каракол шаарынын мэри Алжамбаев Фархат Абды-Хамитовичке жана Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичке жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган.
Сүрөт: president.kg